Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

29.10.2021-жыл № 17

Жарандардын  кайрылууларын кароо  жөнүндө

 

     Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү турмуш шарты оор, ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн  акчалай жардам берүү   боюнча  кайрылууларын  карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги VIII   сессиясы

Токтом кылат:

1.    Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү   жардамга  муктаж жарандардын кайрылуулары  эске алынсын.

2.    Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн  Айгыр-Жал айылынын тургуну  Кайназаров Нуралыга аялынын ден соолугу  өтө   начар  болгондугуна байланыштуу  40000(кырк миң)  сом, Айгыр-Жал айылынын тургуну Сулайманов Алтынбектин  ден соолугуна байланыштуу  30000 (отуз миң) сом  акча каражаты   бөлүнүп  берилсин. Чакмак-Суу айылынын тургуну  Жоробек кызы Карачачтын үйүнүн чатырын алмаштырууга  жардам берүү боюнча  кайрылуусу  инвесторлор тарабынан түшүүчү соц.пакетке сунушталсын.

3.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз  Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий  www.chatkal.kg  маалымат сайтына жарыялансын.

4.    Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя  айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.    Бул  токтомдун  аткарылышын  камсыз   кылуу жагы   финансы  экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

М.Аликеев