КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
29.10.2021-жыл № 18
А.Токобаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылынын мурунку айыл башчысы А.Токобаевдин айыл башчыларга бөлүнгөн кызматтык жумушчу атты багуу жана айдоо аянттарына баруучу Чаткал дарыясына салынган көпүрөнү оңдөп-түзөө иштеринин чыгымдарына кеткен акча каражатын бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучу А.Токобаевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылынын мурунку айыл башчысынын милдетин аткаруучу А.Токобаевдин кызматтык жумушчу атты багуу жана көпүрөнү оңдоого кеткен чыгымдарына каражат бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |