КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
29.10.2021-жыл № 21
Көпүрөнү баланска алуу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын тургундарынын айдоо аянттарына жана жайыттарга өтүүчү Чаткал дарыясына курулган “Өзбекстан” көпүрөсү кароосуз калып, айыл тургундарына өтүүгө кыйынчылык жаратып жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагындагы айдоо аянттарына өтүүчү “Өзбекстан” көпүрөсү кароосуз калгандыктан, айыл тургундарынын каттамдарына кыйынчылык жаратып жаткандыгы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айыл тургундарынын айдоо аянттарына жана жайыт жерлерине баруучу “Өзбекстан” көпүрөсү кароосуз калгандыгына байланыштуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алууга уруксат берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемди укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |