Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

29.10.2021-жыл № 22

Айыл башчыга салынган имараттын курулушу жөнүндө

 

          Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу  Айгыр-Жал айылынын айыл башчысына  кен казуу ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишкана тарабынан демөөрчүлүк  менен салынган  имараты толук бүткөрүлбөй  калгандыктан, салган ишкана да ишмердүүлүгүн токтотуп койгондугуна байланыштуу  жумуштун аткарылгандыгы боюнча эксперт жалдоо жана толук бүткөрүүгө сметасын даярдоо боюнча  айыл өкмөтүнүн  кайрылуусун    карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги  VIII   сессиясы

Токтом кылат:

1. Каныш-Кыя  айыл өкмөтүнүн  Айгыр-Жал айылынын айыл башчысына салынган имарат  боюнча  кайрылуусу    эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу  Айгыр-Жал айылынын айыл башчысы үчүн салынган имараттын бүткөрүлгөн жумушу боюнча көз карандысыз эксперт жалдоого  жана  толук бүткөрүү  үчүн  сметасын даярдатууга  жергиликтүү бюджеттен    каражат бөлүп  берүүгө  уруксат берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз  Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий  www.chatkal.kg  маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул  токтомдун  аткарылышын  камсыз   кылуу жагы   финансы  экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

М.Аликеев