Редакцияот 30.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2021-жылдын 30-ноябры № V

Чычкан-кол айылындагы Папан ЖДПБга УЗИ алуу жана Кызыл-Туу айылындагы ФАПтын имаратын ремонттон өткөрүү жөнүндө.

Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1) Чычкан-кол айылындагы Папан ЖДПБга УЗИ аппарат жана эмеректерди алуу чакан долбоору айыл өкмөтүнүн стратегиялык планына киргизилсин.Жалпы суммасы 3 197 000 (үч миллион бир жүз токсон жети мин) сом.

2) Кызыл-Туу айылында жайгашкан ФАПтын имаратын ремонттоо чакан долбоору айыл өкмөтүнүн стратегиялык планына киргизилсин.Жалпы сумма 1 600 000 сом (бир миллион алты жүз миң) сом.

3) Сметалык документтерди даярдоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен 25000(жыйырма беш мин)сом каралсын.

4) Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Н.Алимбековго милдеттендирилсин.

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

 Т.Тагаев.