Редакцияот 10.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Куршаб айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) V отурумунун

2021-жылдын 10-сентябры № 17

Куршаб айыл аймагынын тургундарынын жеке менчик турак жайга болгон муктаждыгын жарым-жартылай канааттандыруу максатында 42,80га жер тилкесинин башкы планын бекитүү жөнүндө.

Куршаб айылдык кеңештин турак жай, өнөр жай,курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясы, Куршаб айыл аймагынын тургундарынын жеке менчик турак жайга болгон муктаждыгын жарым-жартылай канааттандыруу максатында 42,80га жер тилкесинин башкы планын бекитүү жөнүндө маселени алдын ала карап, Куршаб айылдык  кеңешинин (жетинчи шайланган) V кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Куршаб айыл аймагынын тургундарынын жеке менчик турак жайга болгон муктаждыгын жарым-жартылай канааттандыруу үчүн Куршаб айыл аймагындагы калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн каралган кайра бөлүштүрүү фондунун №119 контурундагы 5,0га, №1982 контурундагы 1,2га, №154 контурундагы 4,7га, №8 контурундагы 3,0га, №14 контурундагы 4,4га, №26 контурундагы 1,4га, №1350 контурундагы 7,7га, №1908 контурундагы 1,7га, жер, жалпысы болуп 29,1 гектар суугат айдоо жер участокторун “айыл чарба жерлер” категориясынан калктуу конуш жер категориясына (трансформациялоого) которууга уруксат берилсин.

2. №576 контурдагы 11,2га, №246 контурдагы 2,5га, жалпысы болуп 13,7 гектар кайрак айдоо жер участокторун участокторун “айыл чарба жерлер” категориясынан калктуу конуш жер категориясына (трансформациялоого) которууга уруксат берилсин.

3. Трансформациялоого байланышкан иш кагаздарын даярдап берүү жагы тиешелүү мамлекеттик мекемелерден суралсын.

4. Токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңештин турак жай, өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

 Жумаев Б.