КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) VI отурумунун
2021-жылдын 5-ноябры № 18
Куршаб айыл өкмөт аймагындагы балдар бакчасынын ата-энелер тарабынан балдардын тамак-ашына төлөнүүчү төлөмдөрдүн тарифин бекитүү жөнүндө.
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган ) VI - кезектеги отуруму Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчасынын ата-энелер чогулушунун протоколдорунун негизинде Куршаб айыл өкмөт аймагындагы балдар бакчасынын ата-энелер тарабынан балдардын тамак-ашына төлөөнүчү төлөмдөрдүн тарифин бекитүү боюнча карап чыгып Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөт аймагындагы балдар бакчасынын ата-энелер тарабынан балдардын тамак-ашына төлөөнүчү төлөмдөрдүн тарифи ата-энелердин келишими менен түзүлгөн инфляциялык абалга ылайык 09.04.2021-жылдагы №195 Токтом менен кабыл алынган 2021-жылдын 2-кварталына убактылуу мөөнөткө наристе тайпалар 45 сом, жогорку тайпалар 50сом өлчөмүндө бекитилген тарифи туруктуу бойдон бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Куршаб айылдык кеңешинин бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Жумаев Б. |