Редакцияот 28.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) VIII-кезектүү отурмунун

2022-жылдын 28-январы № 24

Куршаб тазалык муниципалдык ишканасынын 2021-жыл аткарган иштери жана отчету жөнүндө

Куршаб тазалык муниципалдык ишканасынын 2021-жыл аткарган иштери жана отчету жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренси 2,11-пунктарына ылайык Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) VIII кезектеги отуруму карап, талкуулап чыгып

ТOKTOM КЫЛАТ:

1. Куршаб тазалык муниципалдык ишканасынын 2021-жыл аткарган иштери жана отчету канааттандырарлык деп табылсын.

2. Куршаб тазалык муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата өнүгүү планы иштелип чыксын.

3. Куршаб айыл аймагына краштуу ар бир көчөсүндө таштанды чыгаруу боюнча уюштуруу жана түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлсүн, таштанды алып чыгуу графиги такталсын.

4. Ушул токтомду мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы Куршаб тазалык мунипалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы уршаб айылдык кеңешинин энергетика, транспорт, байланыш, таза суу, комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

 Жумаев Б.Э