КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) VIII-кезектүү отурмунун
2022-жылдын 28-январы № 25
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 12 айга карата аткарган иштери жана 2022-жылга бюджет бекитүү жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 12 айга карата аткарган иштери жана 2022-жылга бюджет бекитуу жөнүндөгү маселени КР “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренесине жана КР Бюджет Кодексинин 102-117 беренелерине ылайык айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте алдын ала карап, алардын сунуштарынын негизинде Куршаб айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) VIII кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 12 айына карата аткарган иштери боюнча отчету жана бюджетинин кирешелер булагы 35961,4 миң сомго жана чыгашалар бөлүгү 27133,4 миң сомго аткарылып, аткарылбай калган жумуштарды эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетин киреше бөлүгүн толтурууга кошумча киреше булактарын табуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалары 30672,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана тармактар боюнча төмөнкүдөй бөлүнсүн.
Айыл өкмөтүнүн аппаратына - 8116,6 миң сом
Айылдык кеңештин аппаратына-571,1 миң сом
Айыл чарба бөлүмүнө – 750,0 миң сом
Жайыт бөлүмүнө - 460,0 миң сом
Комуналдык чарба бөлүмүнө - 7615,0 миң сом
Китепкана -432,4 миң сом
Маданият бөлүмүнө – 1599,1 миң сом
Билим берүү тармагына – 2340,0 миң сом
Тангатаров мектеп –гимназиясы – 350,0 миң сом
Бала-бакча тармагы – 3117,6 миң сом
Социалдык жардам бөлүмүнө – 920,0 миң сом
Атайын каражаттар эсеби – 4400,0 миң сом
4. Кыргыз республикасынын 8-июль 2013-жылдагы № 403 токтомунун негизинде Куршаб айыл өкмөтүнүн аппаратынын 22 штат бирдиги, 2 айылга 2 айыл башчы штатты жана 5 штат аскердик каттоо бөлүмүнө, жалпысынан 29 штат бирдиги каралсын.
5. Кыргыз Республикасынын негизги укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамынын 21-беренсине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 306,7 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2022-жылга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр), комуналдык кызматтар (көмүр, суу, тамак аш) боюнча жүзөөгө ашыруу сунушталсын.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тендөөчү гранттан биринчи кезекте корголгон беренелер жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багыталсын.
8. Бюджеттик мекемелер , чарба жургузуучу субьектер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын.
9. Казына системасынан четтеп өттүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражат 100 пайызы жергиликтүү бюджетинин кирешесине алынсын.
10. Көчөлөргө шагыл төгүү, мамычаларды алуу жана орнотуу, көмүр сатып алуу асфальт басуу ички каналдарды тазалоо максаттуу жана эффективдүү пайдаланышын көзөмөлдөө үчүн атайын убактылуу комиссия түзүлсүн.
11. Комиссия курамы айыл өкмөттөн, депутаттардан жана кызыктар тараптан түзүлсүн.Комиссия мүчөлөрү мыйзам чегинде критерий иштеп чыгышсын, критерийдин негизинде чечим чыгарылсын жана комиссиянын чечиминин негизинде ишке ашырылсын.
12. Жолдорго асфальт басуу долбоорлорун түзүүдө, ишке ашырууда «Таза суу» долбоору 2021-2022-жылдары ишке ашып жаткандыгына байланыштуу келечектүүлүгүн, экономдуулугун, туруктуулугун эффективдүүлүгүн эске алуу максатында сүйлөшүү жана макулдашуу жолу менен ишке ашырылсын.
13. Куршаб тазалык ишканасына жарыктандырууну камсыз кылуу максатында оңдоо, түзөө жумуштары, көчөлөрдөгү тазалыкты сактоо, акыр чикир тазалоо ташуу жана ит атуу жумуштары күнүмдүк муктаждыкты жараткандыгы үчүн акча каражаты келишимдин негизинде түздөн-түз которуу жолу менен ишке ашырылсын жана өкмөттүн буйругу менен атайын комиссия түзүлсүн, текшерүүгө алынсын.
14. Ар бир куруу жумуштарына, оңдоп түзөөгө жана сатып алуулардын мыйзамдуулугун, сапатын, келечектүүлүгүн, туруктуулугун камсыз кылуу максатында түзүлүүчү келишимдин шарттары, талаптары мыйзам чегинде коп тараптуу жакшы иштелип чыгылсын жана кесипкөй адистерден мониторингдик комиссия түзүлсүн жана өз мөөнөтү менен текшерип туруу жагы милдеттендирилсин.
15. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджетти боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2022-жылдын 1-январына карата 50 000 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
16. Куршаб айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2022-жыл учун жалпы киреше 460 000(төрт жүз алтымыш миң) сом өлчөмүндө бекитилсин. Куршаб жайыт пайдалануучулардан тушкон жалпы бюджеттик пландагы акча каражатынын үчтөн бир бөлүгү айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетине түшө турган акча каражатын толугу менен жайыт комитетине бөлүнүп берилсин. Донордук уюмдар менен иш жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу Куршаб жайыт комитетине инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ондоого, жолдорду оңдоп түзөөгө жана жайыт рационун байытуу үчүн которулуп берилсин. Казына системасын четтеп өтүү менен каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын.
17. Жайыт комитетинин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге: эмгек акы, соцфонд, салыктарга чегеруу сунушталсын.
18. Куршаб айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 01.01.2022-жылга карата бюджетте калган калдык 8462,5 миң сом, атайын каражаттар эсебиндеги калган калдык 211,4 миң сом акча каражаты бекитилсин жана төмөнкү тармактар боюнча жумшалсын.
Бюджет:
Айыл өкмөтүнүн аппаратына – 844,6 мин сом
Комуналдык чарба бөлүмүнө -6343,7 мин сом
Маданият бөлүмүнө – 424,2 мин сом
Билим берүү бөлүмүнө – 850,0 мин сом
Атайын каражаттар:
Балдар бакчасынын тамак ашына -150,0 миң сом
Чарба буюмдарына – 61,4 миң сом
19. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
21. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин бюджет, финансы, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага: | Жумаев Б.Э |