Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 7–чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы
2022-жылдын 7-февралы № 8-2
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа-Арык” суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2021-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа-Арык” суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси А.Камаровдун 2021-жылда аткараган иштери боюнча жылдык отчетун угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы жана Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймактарындагы “Ходжа-Арык” СПАсынын 2021-жылына карата жалпы өкүлдөр отчеттук жыйынынын 2022-жылдын 31-январындагы №1 протоколуна негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа-Арык” суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси А.Камаровдун 2021-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету, өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз, алымча кошумчасы менен канаатандырарлык деп эсептелсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчисине жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Ажибаев |