Редакцияот 07.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 7 – чакырылышынын кезектеги 8- сессиясы

2022-жылдын 7-февралы № 8-6

Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Кызыл – Булак айылынын тургуну  Буркан уулу Мыктыбек “Куу майдан” бөлүмүнүн каналдын үстү жагынан ыңгайсыз жерден көрктөндүрүүгө , бак тигүү үчүн 0.40 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө.

Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Кызыл – Булак айылынын тургуну Буркан уулу Мыктыбек “Куу майдан” бөлүмүнүн каналдын үстү жагынан ыёгайсыз жерден көрктөндүрүүгө , бак тигүү үчүн 0.40 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүрүлгөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 27 берелерине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Кызыл – Булак айылынын тургуну Буркан уулу Мыктыбек “Куу майдан” бөлүмүнүн каналдын үстү жагынан ыңгайсыз жерден көрктөндүрүүгө , бак тигүү үчүн 0.40 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Кызыл – Булак айылынын тургуну Буркан уулу Мыктыбек “Куу майдан” бөлүмүнүн каналдын үстү жагынан ыңгайсыз жерден көрктөндүрүүгө , бак тигүү үчүн 0.40 га жер аянтын ажыратып берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Көчкөновдон суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүрүлгөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Ажибаев