КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
29.10.2021-жыл № 23
Кыш мегилинде ички көчөлөрдүн тазаланышы жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу бардык айылдарын ички көчөлөрүн кыш мезгилинде карын сүрүп тазалап турууга каражат бөлүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ички көчөлөрдүн карын сүруп тазалоо боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу бардык айылдардагы ички көчөлөрдү кыш мезгилинде карын сүрүп тазалап туруу үчүн керектелүүчү 1 113350 сом акча каражаты тиркемеге ылайык бөлүнүп берилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |