КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
29.10.2021-жыл № 24
Таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал, Кара-Суу, Кара-Булак айылдарына таза суу жеткирүү боюнча Бүткүл улуттар уюмунун дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын алкагындагы долбоордо жетишпей калган 283700 (эки жүз сексен үч миң жети жүз) сом акча каражатын бөлүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн айылдарга таза суу жеткирүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал, Кара-Суу, Кара-Булак айылдарына таза суу жеткирүү боюнча Бүткүл улуттар уюмунун дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын алкагындагы долбоордо жетишпей калган 283700 (эки жүз сексен үч миң жети жүз) сом акча акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |