Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

29.10.2021-жыл № 25

Депутаттык комиссиянын корутундусу жөнүндө

 

     Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 29.09.2021-жылдагы №12 чыгыш сандуу буйругунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун канааттандыруу максатында  карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII   сессиясы

Токтом кылат:

1.   Депутаттык комиссиянын корутундусу  эске алынсын.

2.   Түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде Айгыр-Жал айылынын тургуну Алымкулова Назгүлгө 30 000 (отуз миң)сом жана Каныш-Кыя айылынын тургуну Токуева Махабатка 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинен бөлүнүп берилсин.

3.   Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий  www.chatkal.kg  маалымат сайтына жарыялансын.

4.   Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

М.Аликеев