Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
29.10.2021-жыл № 26
Башкы-Терек айылынын айыл башчысынын кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Башкы-Терек айылынын айыл башчысы А.Молдалиеванын кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Башкы-Терек айыл башчысынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Башкы-Терек айылындагы суу өтүүчү эки чоң каналга оңдоп түзөө иштерин жүргүзүүгө долбоор сметасы даярдалсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |