Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
29.10.2021-жыл № 28
Долбоор смета даярдоо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты У.Качканаковдун сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты У.Качканаковдун сунушу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылындагы Ж.Ташикеев атындагы жалпы негизги билим берүүчү мектеби азыркы учурда авариялык абалда тургандыгына байланыштуу, жаңы мектеп куруу үчун долбоор сметасын даярдоого жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.Мыйзамдуулугун карап иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө жана мектеп директоруна тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |