КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
29.10.2021-жыл № 29
Айыл чарба жана орх техникаларына техникалык мүнөздөмө даярдоо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты У.Качканаковдун сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты У.Качканаковдун сунушу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн чарбалык жумуштары үчүн авто грейдер жана Кеңештин депутаттары менен катчысына жалпы 22 ноутбук, үн жаздыруучу апарат, микрафон, сессия өтүүчү залга керектелүүчү эмеректерди алуу боюнча техникалык мүнөздөмөсү даярдалып кийинки сессияга сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине, иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |