КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
29.10.2021-жыл № 30
Акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясында кабыл алынган № 25 токтомдун 2-пунктун статияга жылдыруу боюнча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун сунушу эске алынсын.
2. 03.02.2021-жылдагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясынын № 25 токтомунун 2-пунктун №2- тиркемесинин чыгашалар экономикалык классификациясынын 3111 чыгашалардын экономикалык беренесинен Каныш-Кыя жайыт пайдалануучулар бирикмесине “НИВА Пикап” машинасын сатып алууга бөлүнгөн 950 000 (тогуз жүз элүү миң) сом акча каражатын жана “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына камаз авто унасын сатып алууга бөлүнгөн 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты чыгашалардын экономикалык беренесинин 3112 машиналар жана жабдуулар беренесине жылдырып берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |