Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
26.11.2021-жыл № 1
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясынын 2021-жылдын 3-февралындагы №41 токтомунуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги биринчи маселеде каралган Каныш-Кыя жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевдин кызматтык автоунанын ордуна жүк ташуучу автоуна алуу боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясынын 2021-жылдын 3-февралындагы №41 токтомунуна төмөнкүчө өзгөртүү киргизилсин:
токтомдун 2-пунктундагы “кызматтык автоунаасын алуу үчүн “700 000 (жети жүз миң)” деген сөздөр жана сандарды “чарбалык жумуштарды аткаруу үчүн жүк ташуучу авто унаа алууга 950 000 (тогуз жүз элүү миң)” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |