Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
26.11.2021-жыл № 5
Токтомду жокко чыгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги экинчи маселеде каралган Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 19.11.2021-жылдага №01-18/1005 чыгыш сандуу катында көрсөтүлгөндөй Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын №5 токтомун жокко чыгаруу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын №5 токтомун жокко чыгарылсын.
2. Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка авто жолунун 135-140 жана 166-168 чакырымына суу өтүүчү трубаларды коюу үчүн долбоор сметада көрсөтүлгөн 2 015 918 (эки миллион он беш миң тогуз жүз он сегиз) сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |