КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
26.11.2021-жыл № 6
Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүнүн Каныш-Кыя айылындагы №81 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө өрт өчүрүүчү авто унаа алууга Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо боюнча карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
Токтом кылат:
1. Чаткал району боюнча ӨКБнүн ӨӨжААБнүн башчысы майор И.Кубатбековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылындагы № 81 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнө “КАМАЗ” үлгүсүндөгү АЦ-6,0-46 (43118) өрт өчүрүүчү авто унаа алып берүү үчүн керектелүүчү 10 695 406 (он миллион алты жүз токсон беш миң төрт жүз алты) сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине, иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |