КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
22.12.2021-жыл № 3
Акча каражатын которуп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 20.12.2021-жылдагы № 01-18/1179 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
Токтом кылат:
1. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 16.12.2021-жылдагы № 171 буйругун ишке ашыруу максатында Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, жарым, тоголок жетимдерге, ден соолугунун мүмкунчүлүгү чектелген балдарга, Тажик, Афган, Баткен коогалаңынын катышуучуларынын балдарына акимдин “Балаты” майрамын өткөрүүгө 85 000 (сексен беш миң) сом жана 2022-Жаңы-Жылдык “Балаты” майрамынын иш-чарасын өкөрүүгө жана арчаны жасалгалоого керектелүүчү Жаңы-Жылдык жасалгаларды алуу үчүн 93 500 (токсон үч миң беш жүз) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтунүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |