Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
22.12.2021-жыл № 4
Акча каражатын которуп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүнө караштуу Кайың-Суу айылына таза суу түтүкчөсүнө кошумча суу кошууга, Айгыр-Жал айылындагы борбордук мечитке килем жана керектелүүчү материалдарды алуу боюнча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кайың-Суу айылына таза суу түтүкчөсүнө кошумча суу кошууга керектелүүчү материалдарды алууга түзүлгөн сметасына ылайык 382 410 (үч жүз сексен эки миң төрт жүз он) сом, ошондой эле Айгыр-Жал айылынын борбордук мечитине килем жана керектелүүчү материалдарды алууга түзүлгөн сметасына ылайык 298 200 (эки жүз токсон сегиз миң эки жүз) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kgмаалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |