Редакцияот 22.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы

 

22.12.2021-жыл № 6

Автогрейдер алуу жөнүндө

 

       Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн  автогрейдер сатып  алуу боюнча кайрылуусун  карап  жана талкуулап   Каныш-Кыя айылдык  Кенешинин VI чакырылышынын  кезектеги  X сессиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин 6-пунктуна таянып 

Токтом кылат:

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу  эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө  автогрейдер сатып  алууга 8 900 000 (сегиз миллион тогуз жүз миң) сом акча каражаты  кабыл алынсын; Мындан 2021-жылдын жергиликтүү бюджетине 9 айына карата кошумча түшкөн акча каражатынан  30 %ы 2 670 000 (эки миллион алты жүз жетимиш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин, калган 70 %ы 6 230 000 (алты миллион эки жуз отуз миң ) сом акча каражаты 2022-жылдын   жергиликтүү  бюджетинен бөлүнүп берилсин жана  мамлекеттик сатып алуулар порталынын ачык порталынан (открытый портал)  жарыялоо боюнча иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө  тапшырылсын.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актылары  жөнүндө”Мыйзамына ылайык  Чаткал райондук  мамлекеттик администрациясынын  расмий www.chatkal.kgмаалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы  Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу  катчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын  камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө,  көзөмөлдөө жагы   Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин  бюджет, финансы, экономика боюнча туруктуу комитетине  тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

М.Аликеев