Редакцияот 22.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы

 

22.12.2021-жыл № 7

Жаш спортчуну колдоо жөнүндө

 

       Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу  Айгыр-Жал айылынын тургуну жаш спортчу Осмоналы уулу Марленди колдоо максатында Каныш-кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап  жана   талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын  кезектеги X сессиясы

Токтом кылат:

1.    Айгыр-Жал айылынын тургуну жаш спортчу Осмоналы уулу Марленди колдоо боюнча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу  эске алынсын.

2.   Айгыр-Жал айылынын тургуну Осмоналы уулу Марлен эл аралык деңгээлде өтүүчү эркин күрөшкө даярданууга жана атайын машыгуу зборунан өтүүгө 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

3.  Бул токтом  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз  Республикасынын ченемдик  укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына  ылайык  Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg  маалымат сайтына жарыялансын.

4.   Бул токтомду  расмий  жарыялоо  жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.   Токтомдун аткарылышын  камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө,  көзөмөлдөө жагы   Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин  бюджет, финансы, экономика боюнча туруктуу комитетине  тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

М.Аликеев