КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
22.12.2021-жыл № 9
Акча каражатын которуп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылында жайгашкан С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору М.Надырбековдун 22.12.2021-жылдагы № 381 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
Токтом кылат:
1. С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору М.Надырбековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебине класс жетишбегендиктен, мурдагы эмгек канаасын класс кылып жасоо үчүн керектелүүчү курулуш материалдарына жана эмеректерине долбоор сметасында көрсөтүлгөн 646 618 (алты жүз кырк алты миң алты жуз он сегиз) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин социалдык маселелер жана бюджет, финансы, экономика боюнча туруктуу комитеттерине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |