Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
22.12.2021-жыл № 10
“Сапат Компании” ЖЧКсынын кайрылуусу жөнүндө
“Сапат Компании” ЖЧК сынын директору С.Барпиевдин курулуш материалдарынын баалары кескин көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу кошумча каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 22-беренесинин 5-пунктуна таянып
Токтом кылат:
1. “Сапат Компании” ЖЧК сынын директору С.Барпиевдин кошумча каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. “Сапат Компании” ЖЧКсынын кайрылуусунда көрсөтүлгөндөй курулуш материалдарынын бааларынын кескин түрдө өсүп кеткендигин тастыктаган аудитордук корутундунун негизинде тарткан чыгымы 566 492 (беш жүз алтымыш алты миң төрт жүз токсон эки ) сом кошумча акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин жана тиешелүү иш кагаздары менен мыйзам чегинде иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин бюджет, финансы, экономика боюнча туруктуу комитеттерине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы |
М.Аликеев |