Редакцияот 09.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 53-отуруму

2021-жылдын 9-марты № 53/3

Гүлчө айылынын тургундарынын муктаждыктарын эске алуу менен Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүндө жайгашкан Парманас атындагы орто мектебинин жанында жайгашкан №7 балдар бакчасынын имаратынын үчүнчү кабатын кыска убакыт (үч сааттык) “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында эки тайпа ачуу үчүн уруксат берүү жөнүндө:

Гүлчө айыл өкмөтү Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 5-01-04-1002-0102 сыр белгидеги коду менен катталган регистрациялык делосун, сериясы Б №034343 номерлүү 13.11.2020-жылы берилген мамлекеттик АКТысын жана Гүлчө айыл өкмөтүнүн 27.11.2019-жылдагы №74 токтомун ошондой эле Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине караштуу Ош юстиция башкармалыгы тарабынан 13.11.2019-жылы берилген сериясы ГРЮ №0053758 номерлүү каттоо күбөлүгүн карап чыгып Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна негизденип

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүндө жайгашкан Парманас атындагы орто мектебинин жанында жайгашкан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги №7 балдар бакчасынын имаратынын үчүнчү кабатына кыска убакыт (үч сааттык) “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында эки тайпа ачуу үчүн уруксат берилсин.

2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Исаев Сүйөрбекке тапшырылсын.

 

Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы:

Жээнбеков Д