Редакцияот 09.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 53-отуруму

2021-жылдын 9-марты № 53/4

Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Жылы-Суу жана Кара-Булак айылдарынын тургундарынын муктаждыктарын эске алуу менен Жылы-Суу айылында жайгашкан Б.Аданбаева атындагы орто мектебинин бир жагынын биринчи, экинчи кабатын кыска убакыт (үч сааттык) “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында эки тайпа бала бакча ачуу жөнүндө

Гүлчө айыл өкмөтү Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 5-01-04-1005-0096 сыр белгидеги коду менен катталган регистрациялык делосун, сериясы Б №028909 номерлүү 24.03.2017-жылы берилген мамлекеттик АКТысын карап чыгып Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 5-подпунктуна негизденип

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Жылы-Суу айылында жайгашкан Б.Аданбаева атындагы орто мектебинин имаратынын бир жагынын 12,80х27,60м аянттагы биринчи, экинчи кабатына кыска убакыт (үч сааттык) “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында эки тайпа бала бакча ачылсын.

2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы:

Жээнбеков Д