ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 54-отуруму
2021-жылдын 31-марты № 54/2
Гүлчө айылындагы Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясынын директору Г.А.Раимкулованын 19.02.2021-жылдагы чыгыш №18 сураныч катынын негизинде мектеп-гимназиянын багындагы 15даана теректи жана 2дана кара жыгач мектептин тосмолоруна жана жакын жайгашкан үйлөргө катуу шамал болгондо коркунуч жаратып жаткандыктан ошол теректерди кыйдыртып алып коюуу боюнча жазган сураныч каты жөнүндө:
Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 54 - отуруму Гүлчө айылындагы Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясынын директору Г.А.Раимкулованын сураныч катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамынын 18-беренесинин 2-пунктуна ылайык Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айылынын Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясынын территориясындагы шамал болгондо коркунуч жаратып жаткан 15,0даана теректи жана 2,0даана кара жыгачты кыйып алып иштетүүгө уруксат берилсин.
2. Жогорудагы терек, кара жыгачты кыйып алууга уруксат катын Ош облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынан алып келүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Исаев Сүйөрбекке тапшырылсын.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | Жээнбеков Д |