ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 45-отуруму
2021-жылдын 31-марты № 54/4
Гүлчө айыл өкмөтүнүн балансасында турган Гүлчө айылындагы Курманжан датка паркынын ичине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Примов Улан Бердибаевич тарабынан курулган балдар ойноочу аянтчаны жана аталар үчүн салынып берилген чайкананы убактылуу иштетүү үчүн ижарага берүү боюнча
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Исаев Сүйөрбектин билдирүүсүн угуп жана талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Гүлчө айылынын Курманжан датка паркынын ичине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Примов Улан Бердибаевич тарабынан курулган балдар ойноочу аянтчаны жана аталар үчүн салынып берилген чайкана 15 (он беш) жылдык мөөнөттө аталган аянтчаны жана чайкананы курууда демөөрчүлөрдү таап зор салым кошкондугу үчүн Мунайбасова Алтынбүбүгө ижарага берилсин.
2. Балдар ойноочу аянтчаны жана аталар үчүн салынып берилген чайкана ичин ремонттоо, кышкысын көмүр менен камсыздоо жумушчулардын акысын, жер салыктарын, жарыктандыруучу төлөмдөрүн төлөө ижарага алуучу Мунайбасова Алтынбүбүгө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | Жээнбеков Д |