Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 2 отуруму
2021-жылдын 10-июну № 2/3
Гүлчө айылынын тургуну Б.Кожоновдун арызы жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты Курманалиева Нурзиланын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №2 «Дөөлөт» балдар бакчасынын ордуна №2 Жумагүл Садыкова атындагы бала бакча болуп өзгөртүлсүн..
2. Кабыл алынган токтом боюнча тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү бала бакчанын директору Кыпчакбай кызы Гүлбарчынга тапшырылсын.
3. Токтомдун мыйзамдуулугун карап чыгуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн юристи У.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Исмаилов |