Редакцияот 15.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 5 отуруму

2021-жылдын 15-октябры № 5/1

Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүндө жайгашкан «Ак-Тилек» чайханасына караштуу жер тилкесинен кийинки эч кимге тиешеси жок бош жаткан жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине бекитип берүү боюнча Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевдин билдирүүсү жөнүндө:

Гүлчө айылдык кеңеши Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Исаев Сүйөрбектин билдирүүсүн ошондой эле Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жумушчу чиймесин карап чыгып, Кыргыз Респуликасынын 15.07.2011жылдагы №101 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна негизденип

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүндө жайгашкан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган «Ак-Тилек» чайханасына караштуу жер тилкесинен кийинки эч кимге тиешеси жок бош жаткан аянты 1443,0чарчы метр болгон жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.

2. Тиешелүү юридикалык документин даярдап берүү «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Исаев Сүйөрбекке тапшырылсын.

 

Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы:

Исмаилов К.