ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 9 отуруму
2021-жылдын 15-декабры № 9/2
Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы Гүлчө жайыт комитетинин 2021-жыл ичинде аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө отчету
Жайыт комитетинин төрагасы Т.Байгазаковдун билдирүүсүн угуп, талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы Гүлчө жайыт комитетинин 2021-жылдын ичинде аткарып жаткан иштеринин абалы канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин төрагасы Т.Байгазаковдун кызмат абалын кароо жайыт пайдалануучулар бирикмесине сунушталсын.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Исмаилов |