Редакцияот 15.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 9 отуруму

2021-жылдын 15-декабры № 9/4

Алай райондук маданият үйүнө коомдук ишмер, Алай районунун «Ардактуу атуулу», Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, маркум Ы.Жаманкуловдун ысымын ыйгаруу боюнча Гүлчө айыл аймагынын жашоочуларынын кайрылуусу жөнүндө

Айылдык кенештин депутаты А.Апаитовдун билдирүүсүн угуп, талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алай райондук маданият үйүнө коомдук ишмер, Алай районунун «Ардактуу атуулу», Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, маркум Ы.Жаманкуловдун ысымын ыйгаруу боюнча Гүлчө айыл аймагынын жашоочуларынын кайрылуусу эске алынсын.

2. Алай райондук маданият үйүнө Ы.Жаманкуловдун ысымы ыйгарылып Ырайымберди Жаманкулов атындагы Алай райондук маданият үйү болуп аталсын.

3. Тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү маданият үйүнүн башчысы Э.Бакаевге, ал эми иш кагаздарын жанылоога акча каражаты маркумдун үй-бүлөөсүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы:

К.Исмаилов