ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 9 отуруму
2021-жылдын 15-декабры № 9/7
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу А.Мадалиев атындагы негизги мектебиндеги карылыгы жетип окуучуларга кооптуу болуп калган теректерди кыюу жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Р.Какаровдун билдирүүсүн угуп, талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу А.Мадалиев атындагы негизги мектебиндеги карылыгы жетип окуучуларга кооптуу болуп калган 15 даана теректер кыйдырылсын.
2. Теректерди мыйзам чегинде тиешелүү мекемелердин иш кагаздарынын негизинде кыйдыруу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Исмаилов |