ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 10 отуруму
2022-жылдын 31-январы № 10/2
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына карата өздүк кирешесинен 2690,3 миң сом калган калдык акча каражатын 2021-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө.
Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын 2022-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Гүлчө өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажикованын билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата 2021-жылдан пайдаланылбай калган 2690,3 миң сом, анын ичинен бюджетте 2323,8мин сом жана атайын каражаттан 366,5 мин сом калдык акча каражатын 2022-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.
2. Айылдык кеңештин заседаниесинде талкууланган 2022-жылдын 1-январына карата 2021-жылдан пайдаланылбай калган 2690,3мин сом, анын ичинен бюджетте 2323,8 мин сом жана атайын каражаттан 366,5 мин сом калдык акча каражатын 2022-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Исаев С жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Исмаилов |