ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 10 отуруму
2022-жылдын 31-январы № 10/3
Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын социалдык-экономикалык планынын аткарылышы жана 2022-жылдарга жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоонун программаларын бекитүү боюнча
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын «Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын социалдык-экономикалык планынын аткарылышы жана 2022-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү боюнча» билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча аткарылган иштер боюнча Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету эске алынсын .
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2022-жылдарга жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоонун өнүгүү планы бекитилсин (тиркеме №2)
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата социалдык – экономикалык өнүгүүсүндө белгиленгендерди камсыз кылуу үчүн ата-мекендик, чет элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу, жергиликтүү бюджетин киреше булагын толтуруу, муниципалдык менчикти максатуу пайдалануу, айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына жана тиешелүү жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, боюджет, инвестициялар жана ишкердик кылуу маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | Исмаилов К. |
I Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата өнүгүү планы
1.1 Административдик территориялык бөлүнүшү
Гүлчө айыл өкмөтү Алай районунун Ош облусуна карайт. Гүлчө айыл өкмөтү
20.03.1996-жылдан баштап Гүлчө айыл өкмөтү болуп уюштурулган. Айыл өкмөтүнүн карамагына 6 айыл кирет.Алар Таш-Короо,Кара-Булак,Жылы-Суу,Чакмак,Курманжан-датка айылдары. Айыл өкмөтү райондун борборунда жайгашып, түндүк-батыш жактан бийиктиги 1700 м Чыйырчык ашуусу Кара-Суу району менен чектешип жана түндүк-чыгыш жактан Жошолу, Коңур Дөбө айыл өкмөттөрү менен, чыгыш тараптан Будалык айыл өкмөтү менен чектешип, Улуу Жибек жолу Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо,Жылы-Суу,Гүлчө,Чакмак айылдары аркылуу өткөн.
1.2. Территориясы.
Жалпы аянты - 88,43 кв.км
Деңиз денгээлинен бийиктиги - 1700-2585 метр
Областтын борборуна чейинки аралык - 85 км
Райондун борборуна чейин - 0-25 км
Аэропортко чейин (Ош ш.) - 97 км
1.3 Жаратылыш-климаттык шартына мүнөздөмө
Климаты тез өзгөрүлмөлүү,кыш мезгили 4-5 айга чейин өкүм сүрөт.Жаз,жай мезгилиндеги жаандан,тоо кыркаларындагы суулардын топтолушунан Гүлчө, Жылы-Суу,Жошолу дарыяларында суу ташкындары жүрүп, сел басуу коркунучтары күтүлүп турат.Климаттын өзгөрүп турушунан улам Чакмак, Таш-Короо,Жылы-Суу айылдарында жаз мезгилинде жер көчкү болуп турат.Таш-Короо айылына жаз апрель, май айларында келет.
1.4 Жаратылыш ресурстарына, жаныбарлар дүйнөсүнө мүнөздөмө
Дарыялары : Гүлчө дарыясы, Жошолу дарыясынын бир бөлүгү Курманжан датка айылындагы Күңгөй каналы аркылуу өтүп,эли тамарка жерлерин сугарышат.
Каналдары :Гүлчө айылынын эли Гүлчө айылына кирген эки каналдан Семеновский жана Артхозовский каналдарынан тамарка жерлерин сугарышат.
Тоо этектери менен тоолордо - коен, чычкан, кашкулак, түлкү, карышкыр, чөө, доңуз;
Токойлордун тилкесинде кемирүүчүлөрдөн - токой чычкан, арс чычкан, суусар;
Куштардан - бүркүт, кыргый, кекилик, таркылдак, чаар карга, улар, жору, таскара;
Тоолордо – аркар, тоо эчки, илбирс, кызыл суур мекендейт.
Сууларда –Асман жана маренка балыктары бар
Жердин шарты Таш-Короо, Жылы-Суу, Кара-Булак айылдарында мал чарбачылыгына жана дыйканчылыкка ылайыкташылган.
1.5. Жер кыртышынын түзүлүшү жана анын пайдаланышы.
Жердин катмары ачык күрөңдүү, кээ бир айылдарда кара топурактуу. Таш-Короо, Жылы-Суу, Кара-Булак, Чакмак айылдарындагы айрым участкаларда жер кыртышы кара топурактуу келип, картошка өндүрүүгө шарты ынгайлуу. Ал эми Гүлчө, Курманжан-Датка айылдарында калктын жыш жайгашкандыгына байланыштуу жер ресурстары жетишсиз. Там аркаларында мөмө-жемиштин бир аз түрлөрү өстүрүлүп, жеке өздөрүн гана камсыз кыла алышат.
Жан башына жер үлүшүнүн бөлүнүшү кайрак айдоо 0,02 га дан 010 га чейин , чөп орундуу жер 0,12 га дан 0,22 га чейин түзөт. Географиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша айыл чарбасына жарактуу жерлердин жоктугунан Гүлчө, Курманжан-Датка айылдардан үлүшкө жер бөлүнгөн эмес.
Жалпы жер ресурстарын пайдалануунун көрсөткүчтөр(өзгөрүүсүз)
| Жалпы жер аянты | % менен | А.чарбасына жарактуу жерлер | % менен |
Гүлчө а/өкмөт боюнча | 88,43 кв.км. | 1,16 | 8134 га | 2,05 |
Район боюнча | 7581,98 кв.км | 100 | 396312 га | 100 |
Гүлчө айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү Фондусунда 284 га жер, анын ичинен 75 га кайрак айдоо,209 гачөп орунду жерлер бар.
Кайра болүштүрүү Фондусунун экспликациясы
Айылдын аталышы | КБФ нун жери | Анын ичинен | Арендага берилген | ||
Кайрак айдоо | Чөп орундуу | Кайрак айдоо | Чөп орундуу | ||
Гүлчө | - | - | - | - | - |
Курманжан -Датка | - | - | - | - | - |
Чакмак | 58,6 | 9,3 | 49,3 | 5,3 | 14,3 |
Жылуу-Суу | 64,4 | 18,2 | 46,2 | 13,2 | 21,2 |
Кара-Булак | 21,6 | 14,1 | 7,5 | 9,1 | 7,5 |
Таш-Короо | 139,4 | 33,4 | 106,0 | 33,4 | 58,0 |
Гүлчө а/ө боюнча: | 284,0 | 75,0 | 209,0 | 61,0 | 101,0 |
Бирок, кийинки учурларда болгон жер көчкүдөн Гүлчө айылындагы Жаңы-Савай участкасынан 11,85га, Таш-Короо айылынан 0,41га, Жылы-Суу айылынан 0,09га тамарка, Чакмак айылындагы Сасык-Булак участкасынан 11,28га үлүш, Чакмак участкасынан КБФнын жеринен 4га кайракы айдоо, 10га чөп орундуу жер жараксыз абалга келип пайдаланылбай келе жатат
1.4. Айыл өкмөтүнүн ресурстук базалары.(ар бир жылда такталат)
№ | Аталышы | Саны |
|
1 | Өзүн өзү башкаруучу жамааттык уюмдар | 117 |
|
2 | Өкмөттүк эмес уюмдар | 1 |
|
3 | Эл аралык уюмдар |
|
|
4 | Коомдук уюмдар: | 30 |
|
- | аксакалдар соттору | 6 |
|
- | аксакалдар кеңеши | 6 |
|
- | аялдар кеңеши | 6 |
|
- | жаштар комитеттери | 6 |
|
- | ата-энелер комитеттери | 9 |
|
- | КААБ | 1 |
|
5 | Финансы компаниялар, банктар | 8 |
|
6 | Дыйкан чарбалар | 413 |
|
7 | фермердик чарбалар | 4421 |
|
|
| Жалпы саны | Иштеп каттоодон өткөнү |
|
|
| 2021-ж |
8 | Тегирмендер | 9 | 2 |
9 | Техобслуживаниелер | 8 | 12 |
10 | Акционердик коомдор | 3 | 3 |
11 | Бут кийим ондоочу жайлар | 2 | 2 |
12 | Набайканалар | 21 | 8 |
13 | Мебельный цехтер | 2 | 3 |
14 | Пилораммалар | 2 | 2 |
15 | Пахта тазалоочу жайлар | 1 | 2 |
16 | Сүрөт чыгаруучу жайлар | 7 | 7 |
17 | Чачтарачтар | 8 | 7 |
18 | АЗСтер | 8 | 8 |
19 | Аптекалар | 13 | 13 |
20 | Ветеринардык аптекалар | 3 | 3 |
21 | Ветсервистер | 3 | 3 |
22 | Тигүү цехтери | 3 | 4 |
23 | Вулканизациялар | 4 | 5 |
24 | Темир ширетүүчү цехтер | 3 | 3 |
25 | Акы алып кызмат көрсөтүү | 2 | 2 |
26 | Калкка технологиялык маалымат берүү | 2 | 2 |
27 | Песко блок чыгаруу | 2 | 6 |
28 | Ашканалар | 36 | 41 |
29 | Дукон , комоктор | 120 | 68 |
30 | Жеке ресторандар | 5 | 4 |
31 | Тоок фермалары | 3 | 3 |
32 | Коомдук мончо | 3 | 6 |
33 | Бөдөнө ферма | 2 | 2 |
Калкы жана демографиялык абалы.
Гүлчө айыл өкмөтү 2022-жылга карата каттоонун жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:
кожолуктун саны 4339 болуп 2021-жылга салыштырмалуу 101,6 пайызга б.а 72 кожолукка көп, андагы калктын саны 18698 түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 103,5 пайызга башкача айтканда 637 адамга көп, мындайча айтканда 9288 аялдар калган 9410 эркектер, төрөлгөндөр 220 бала, ал эми өлгөндөр 65 киши , айыл өкмөткө каттоого 63 үй бүлө турган, ал эми каттоодон чыгып кеткендер 170 кишини түзгөн. тактоо
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн өз алдынча башкаруу органдарын өркүндөтүү.
Гүлчө айыл өкмөтүндө Гүлчө-1, Гүлчө-2 Курманжан датка, Чакмак, Жылуу- Суу,
Таш-Короо айылдык коомдук өз алдынча башкарууларга бөлүнүп 117 жаматтык уюмдар бириккен. 6 айылдык аксакалдар соттору, 6 жаштар комитеттери, 6 айылдык ден соолук комитеттери,1 коомдук алдын алуу борбору жана 6 аялдар кеңеши калк арасында түшүндүрүү жана практикалык уюуштуруу иштерин жүргүзүшөт.
3. Айыл чарбасы.
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында жалпы айыл чарбасына жарактуу 692 га жер бар, анын ичинен айдоо 110 га там арка жер.
2021 –жыл ичинде арпа-54 ,0 га жерге, картошка-380,0 га эгилди. Бир жылдык тоют -21,0 га, жашылча- 57,0 га,көп жылдык чөп-180,0 га жерге себилди.
Жазгы айдап себүүдө айыл өкмөт боюнча керектелүүчү техникалар 20 трактор , трактор кош-15,мала комплект-7,чөп оргуч косилка-18,чөп тарагыч мала-9,прессподборщик-1,картошка эккич-1,культиватор-2,картошка казгыч-2,жер майдалагыч-1 иштетилди.
Айыл чарба жеринде кайра бөлүштүрүү фондусунун 284 га жери ижарага берилип КБФнын жеринен алынуучу ижара акылар 2021-жылга карата 90,0 мин сом план бекитилген болсо 91,0 миң сомго б.а 101,1 пайызга аткарылды.
Айыл өкмөтүн аймагында 1984 га жайыт жери бар 2021-жылга карата 315,0 мин сом план бекитилген болсо 316,0 миң сомго б.а 100,3 пайызга аткарылды.
Айыл өкмөт боюнча айыл чарба азыктарын өндүрүү:
Айыл өкмөт боюнча айыл чарба азыктарын өндүрүү:
Эт өндүрүү 1267,78 тонна, былтыркы жылга салыштырмалуу 100,7 пайызга,
сүт өндүрүү 4197,6 тонна, былтыркы жылга салыштырмалуу 98,8 пайызга,
жумуртка өндүрүү 372,6 даана, былтыркы жылга салыштырмалуу 100,0 пайызга,
жүн өндүрүү 30,2 тонна, былтыркы жылга салыштырмалуу 100,3 пайызга аткарылды.
5. Калктан акы алып кызмат көрсөтүү жана кайра иштетүү.
Гүлчө айыл өкмөтү райондук ишке жайгаштыруу борбору менен биргеликте жыл ичинде төмөндөгү:
- мал чарбасын өнүктүрүүгө 19 адам,
- соода, автомобиль, турмуш тиричилик буюмдарын жана колдонуучу нерселерди оңдоо боюнча- 42 адам,
- транспорт жана байланыш- 29 адам,
- билим берүүгө – 19 адам,
- ижара керектөөчүүлөргө тейлөө көрсөтүү-2 адам,
- саламаттыкты сактоо- 6 адам,
- коммуналдык тейлөө- 3 адам,
- кредит алып мал өндүрүүгө -62 адам
- Кыймылсыз мүлк-7
жалпы 189 адамды жумуш орду менен камсыз кылды.
2021-жыл атарылган иштин көлөмү:
- 16 тонна элдин пахтасы тазаланды
-- нан бышыруучу цех 13450 даана бөлкө даярдалган
- торт бышыруучу цех-7250 даана
6. Калктын жакыр бөлүгү менен иштөө.
Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-айына карата жалпы кожолуктун саны 4267, жалпы калктын саны 18061 адам. 2020 –жылда 58 үй-бүлөө кедейчиликтен чыгарылып, башкача айтканда кожолукка карата кедейлик 1,9 % кыскарды. Ал эми жаңыдан катталып аз камсыз болгон үй бүлөө катары жөлөк пул алууга муктаж адамдардын арыздарын карап аныкталып жатат.
Ар бир айдын 20- числосунан 30- числосуна чейин жөлөк пулга муктаж атуулдардын документтери кабыл алынып, токтомдо бекитилген комиссиянын протоколунун негизинде социалдык өнүктүрүү башкармасы тарабынан жөлөк пул чыгаруу үчүн тапшырылууда.
1. Жеке ишкерлер тарабынан аткарылган иштер.
1 - май алмаштыруучу жана жеңил машиналарды ремонтоо станциясы.
1 - пахта аттыруучу цехи
1 - нан бышыруучу ишкана
1 - печенье жана торт чыгаруучу ишкана
Айыл өкмөтүндө 2022- жылга карата төмөндөгү курулуш ремонттоо иштерин аткаруу божомолдонот.
№ |
АӨ негизги көйгөйлөр | ||
2022-ж | |||
| 1.Гүлчө айылындагы 60 орундуу №4 бала бакчанын ордуна 90 орундуу жаңыдан имарат куруу. 2.Гүлчө айылынын Алымбек датка көчөсүнүн оң тарбына 4,5 км аралыкка тротуар куруу 3.Жылы-Суу айылындагы Б.Аданбаева атындагы орто мектебинин бош турган блогун ремонттон өткөрүп 60 орундуу бала бакча ачуу. 4.Гүлчө айылындагы «Аталар чайханасынын »экинчи кабатынын иш кагаздары бүткөрүлүп ижарага берилген, жеке ишкер аркылуу 100 орундуу тигүүчү цех ачуу. 5.Нарматов көчөсүндөгү борбордук базардын тушуна 2800,0 миң сомдук тротуар жасоо,лоток басуу 6.Алымбек датка паркын реконструкциялоо 7.Гүлчө айылынын кире беришиндеги арканын жанына аллея куруу. | ||
| Таш-Короо айылы | ||
| 1.Уу-Саз участогундагы жайытты тосуу. (Гүлчө жана Коңур –Дөбө айыл өкмөттөрү мене чектешкен жайыт жана чөп орунду жер чыр чатактан чыгышы мүмкүн 1,5 жер тосулуш керек.) |
| |
| 2.Айылдагы бала бакча куруу (балдардын таалим тарбия алуучу үчүн зарыл болгон заманбап бала бакча куруу зарыл ) |
| |
| 3. Коомдук мончо куруу. |
| |
| 4.Көпүрө куруу |
| |
| 5. Эскилиги жеткен столбаларды алмаштыруу. |
| |
| 6. жол боюна тротуар куруу |
| |
| 7. Баз участкасына 2,5 км аралыкка таза суу |
| |
| 8. И.Адишев мектебине спорт залга отопление куруу |
| |
| 9. Эски имаратты б/бакча куруу |
| |
| Жылы-Суу,Кара-Булак айылдары | ||
| 1.Кара-Булак айылынын ички жолдорун оңдоо(узундугу 60-70 м жол) |
| |
| 2.Кара-Булак жана Жылуу-Суу айылдарына бала бакча куруу |
| |
|
| ||
| 4.Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү мини цех куруу |
|
|
| 5.Жыгач иштетүүчү цех ачуу |
|
|
| 6. Ж-Суу айылына элдин үлүш жерин иштетүү үчүн жайытка чыгуучу жол каттамын калыбына келтирүү үчүн көпүрө куруу. |
|
|
|
|
|
|
| 8.Жылы-Суу,Кара-Булак айылдарына малдарды суу ичүүчү каптаждарды куруу |
|
|
| 9. Туура-Булак жайытындагы 2,2 км аралыкка жайыт тосуу |
|
|
| 10. Кара-Булак айылындагы булактын көзүн тазалап,трубаларды ширетүү |
|
|
| 11. Кара-Булак айылындагы арыкка сеткадан габион жасоо ашар жолу менен |
|
|
| 12. Б.Аданбаева а/о мектебинини артындагы сел каналына 20м аралыкка габион басуу 200м аралыкты канал тазаланат. |
|
|
4. Курманжан-Датка айыл |
| ||
|
| ||
| 1. Маданият үйүн куруу |
|
|
| 2. Курманжан датка айылынын Күңгөй каналынын 1,2 км аралыгын техника кире албаган бөлүгүн жана 100 м аралыктагы лотокту жамааттар менен биргеликте тазалоо ашар жолу менен. |
|
|
| 3. Мадалиев мектебине жаңы имарат куруу. (эскилиги жеткендигине байланыштуу) |
|
|
| 4. №6 бала бакчага даараткана куруу Жайкы навес куруу Ашкананын кире беришин салуу |
|
|
5. Чакмак айылы |
| ||
| 1. Молдокулов мектебине спорт зал куруу(мектеп окуучуларынын машыгуусун камсыз кылуу) |
|
|
| 2. Молдокулов мектебинин эмеректерин алмаштыруу(стол,стул) жана электрондук доска алуу. |
|
|
| 3. Жайыт жолдорун оңдоо. |
|
|
| 4. мектептин алдындагы чатырларды алмаштыруу жана скамейкалардын үстүнө чатырча орнотуу |
|
|
| 5. малдар суу ичүүчү ноолорду куруу(каптаж) |
|
|
| 6. Молдокулов мектебинин спорт аянтчасынын айланасын тосуу. |
|
|
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы: | С.Исаев |