Редакцияот 01.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 11 отуруму

2022-жылдын 1-марты № 11/3

Гүлчө -Тазалык» ишканасынын автомашиналарынын кызмат акысын, мекеме-ишканалардын таштандыларын чыгаруу үчүн тарифтерин бекитип берүү жөнүндө

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 11-отуруму Гүлчө –Тазалык муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Эрмекбай уулу Азаматтын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. «Гүлчө -Тазалык» ишканасынын автомашиналарынын кызмат акысын, мекеме-ишканалардын келишимдин негизинде таштандыларын чыгаруу үчүн тарифтери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

1. Портер автомашинасынын кызмат көрсөтүү акысы бир рейси – 1000 сом

2. Маз автомашинасынын 8 тонна суу алып барып берген кызмат акысы бир рейси – 1500 сом

3. Мерс -418 автоунаасы рейсине – 1500 сом

4. Автовышка автоунаасы саатына – 700 сом

5. Ресторандардан – айына -1000 сом

6. Кафелерден – айына - 700 сом

7. Магазиндерден – 500 сом

8. Автовакзалдан – айына - 4000 сом

9. Базардан –айына- 4000 сом

10. Жеке менчик машиналардын таштанды таштоочу жайга таштанды таштагандыгы үчүн Камаз автомашинасы үчүн-300 сом, ЗИЛ автомашинасы үчүн – 200 сом, портер авомашинасы үчүн – 100 сом.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.

 

Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы:

К.Исмаилов