ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 11 отуруму
2022-жылдын 1-марты № 11/5
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06.2007-жылдагы чыккан №1997-111 токтомуна ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жана КБФнын жерлеринин ижара мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу, жерлердин ижара акысынын баштапкы баасын аныктоо жөнүндөгү 27.01.2020-жылдагы Гүлчө айылдык кеңешинин №41/7-токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 11- отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн турак жай, айыл чарба жана жерге жайгаштыруу иштери боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктунун 4-пунктчасына негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06.2007-жылы чыккан №1997-111-токтомуна ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы бекитилсин.
1. Самиев Азимбек - Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы.
2. Кадырова Элиза – Гүлчө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.
3. Сарыбашов Бакыт - Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
4. Талантбек уулу Азамат - Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
5. Таласбеков Султанбек - Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
6. Ниязбеков Гүлжигит - Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
7. Тажибаев Уланбек – Гүлчө айыл өкмөтүнүн юристи, комиссиянын мүчөсү.
8. Какаров Рустам – Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын мүчөсү.
9. Алиев Урмат – Таш-Короо айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү.
10. Талипжан уулу Ибрагим – Кара-Булак, Жылы-Суу айылдарынын айыл башчысы,
комиссиянын мүчөсү.
11. Сопуев Өмүрбек – Чакмак айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо, Кара-Булак, Жылы-Суу жана Чакма айылдарындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижара мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу ошол эле жерлердин ижара акыларынын баштапкы баалары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
---- 1,0га кайракы айдоо жер үчүн - 450 сом болуп бекитилсин.
---- 1,0га чөп чабынды жер үчүн - 400 сом болуп бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссиянын курамындагы айрым кызматкерлердин кызмат орду алмашкан учурда кийинки келген кызматчыга жүктөлсүн.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Исаев Сүйөрбекке тапшырылсын.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | Исмаилов К. |