ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 11 отуруму
2022-жылдын 1-марты № 11/11
Гүлчө айылдык кеңешинин бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңеши Гүлчө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.Кадырованын билдирүүсүн угуп жана талкулоонун Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде
Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айылдык кеңешинин бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы бекитилсин:
1. Адыров Дайырбек– айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы
2. Манас к Дамира – айыл өкмөтүнүн башкы адиси, комиссиянын катчысы
3. Курманалиева Нурзила– айылдык кеңештин депутаты,комиссиянын мүчөсү
4. Пазылова Рысгүл- айылдык кеңештин депутаты,комиссиянын мүчөсү
5. Какаров Рустам – айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын мүчөсү
6. Тажибаев Улан – айыл өкмөтүнүн юристи,комиссиянын мүчөсү
7. Айыл башчы – тиешелүү айылдагы айыл башчы, комиссиянын мүчөсү
8. Биримкулов Дүйшөн – жамаат башчы, комиссиянын мүчөсү
9. Бопонова Арзикан - жамаат башчы, комиссиянын мүчөсү
10. Токтогулов Сүйүн - жамаат башчы, комиссиянын мүчөсү
11. Маданбеков Арипбек- жамаат башчы, комиссиянын мүчөсү
2. Бузууулар боюнча өз учурунда мыйзам чегинде так иш алып баруу жагы түзүлгөн комиссиянын курамына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук , укук тартибин чыңдоо жана кеңештердин иштери жөнүндөгү маселелер, этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Исмаилов |