Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
17.11.2021-жыл № 1
Жергиликтүү экономиканы өнүктурүү боюнча айылдык
кеңештин туруктуу комиссиясын түзүү жана “Диалогдук
аянтча жөнүндө” Жобону бекитүү
Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комисиясын түзүү жана диалогдук аянтча жөнүндө жобону бекитүү максатында Арал айылдык кеңешинин ХХI чакырылышынын 7-сессиясы токтом кылат:
1. Айыл аймакта бизнести жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык программаларды иштеп чыгуу жана долбоорлорду ишке ашыруу максатында “Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комисиясы” төмөнкү курамда түзүлсүн
- Нурматова Октомкан Эргешовна
- Жакыпов Раимжан Кудайбердиевич
- Эсеналиева Мавлюда Ашировна
- Аскаров Икрамжан Калматжанович
- Султанов Хусанбай Равшанович
2. Жогорудагы түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнө айыл аймактын экономикалык өнүгүү программасын түзүү боюнча иликтөө жүргүзүү жана башка тийиштүү иш аракеттерди көрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын, ишкерлердин, аярлуу топтордун, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып, тажрыйба алмашуу жана айыл аймагынын экономикалык, социалдык, маданий, саясий маселелерин жана көйгөйлөрүн биргелешип чечүү максатында Диалогдук аянтча түзүлсүн жана Жобосу бекитилсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З. Акматалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Оморов |