АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
17.11.2021-жыл № 3
Областтык өнүктүрүү фондуна сунушталып
жаткан №6 Арал орто мектептин чатырын
алмаштыруу жөнүндө
№ 6 Арал орто мектептин жалпы чогулушунун жана Арал айыл өкмөтүнүн кайрылуусун угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХI чакырылышынын VII сессиясы токтом кылат:
1. Областтык өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан №6 Арал орто мектептин чатырын алмаштыруу боюнча №6 Арал орто мектебинин жалпы чогулушунун жана айыл өкмөт башчысынын сунушу жактырылсын.
2. Областтык өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан №6 Арал орто мектептин чатырын алмаштыруу боюнча документтерди бүтүрүү айыл өкмөт башчысы Н.Омурзаковко милдеттендирилсин.
3. Областтык өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан №6 Арал орто мектептин чатырын алмаштыруу үчүн 1000 000 (Бир миллион) сом акча каражаты өздүк салым катары ажыратылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө инвестиция, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Оморов |