АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
17.11.2021-жыл № 6
Айыл чарба багытындагы жерлерди
сугат суу менен камсыз кылуу максатында “Абад”
коому таратбынан оңдоо иштери болуп жаткан
скважинага кошумча акча каражатын кароо жөнүндө
Айыл чарба багытындагы жерлерди суугат суу менен камсыз кылуу, сугат суу таңкыстыгын алдын алуу боюнча маселени угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХI чакырылышынын VII сессиясы токтом кылат:
1. Айыл чарба багытындагы жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу максатында “Абад” коому таратбынан оңдоо иштери болуп жаткан скважиналарга жергиликтүү бюджеттен кошумча 130 000 (Бир жүз отуз миң) ажыратылып берилсин.
2. Акча каражатын ажыратып берүү айыл өкмөт башчысы Н.Омурзаков жана ФЭБ башчысы Ж.Акматалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн
Төрага | Т.Оморов |