Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
30.12.2021-жыл № 2
Арал айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонтоого
жана №6 Арал орто мектебинин чатырын жабууда
кошумча жумуштарга акча бөлүү жөнүндө.
Арал айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонтоо, №6 Арал орто мектебинин чатырын жабууда кошумча жумуштар жана Ноокен райондук архитектуранын дебитордук карызы боюнча ФЭБ башчысы Ж.Акматалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Арал айылдык кенешинин ХХI чакырылышынын VIII сессиясы токтом кылат:
1. ФЭБ башчысы Ж.Акматалиевдин маалыматы эске алынсын
2. Арал айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонтуна кошумча 22365,0 сом жана №6 Арал орто мектебинин чатырын жабууда кошумча 297916,0 сом, Ноокен райондук архитектуранын дебитордук карызына 154200 сом акча каражаты мыйзам талаптарына ылайык каралсын.
3. Акча каражатын таап берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Омурзаков жана ФЭБ башчысы Ж.Акматалиевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссияга жуктолсун.
Төрага | Т.Оморов |