Редакцияот 30.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

30.12.2021-жыл № 4

Арал айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүгүү

 планына  толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

      Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык  ассоциациясынын (КАИА) аткаруу комитетинин төрайымы М.Ажыматованын маалыматын угуп, аткаруу комитетинин 2021-жылдын 13-сентябрындагы отурумунун протоколу менен таныштырып чыгып, Арал айылдык кеңешинин ХХI чакырылышынын VIII сессиясы токтом кылат:

1.      Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык  ассоциациясынын (КАИА) аткаруу комитетинин төрайымы М.Ажыматованын маалыматын угуп, аткаруу комитетинин 2021-жылдын 13-сентябрындагы отурумунда каралган маселелер артыкчылыктуу деп табылсын жана протоколу бекитилсин

2.  Интернационал айылындагы ҮДТнын имаратынын чатырын жана эшик терезелерин алмаштыруу чакан долбоору, 2021-2026-жылдарга түзүлгөн айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүү планына толуктоо катары киргизилсин

3.  Аталган долбоор менен тыгыз иш алып баруу жагы  Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык  ассоциациясынын (КАИА) аткаруу комитетинин төрайымы М.Ажыматовага жүктөлсүн.

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  айыл өкмөт башчысы Н.Омурзаковго  милдеттендирилсин

 

Төрага

 Т.Оморов