АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
30.12.2021-жыл № 5
“Арал – Тазалык” муниципалдык мекемеси , “Арал –Тазалык” муниципалдык ишканасына өзгөртүп түзүү жөнүндө
Кырыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык жана Арал айыл аймагынын Арал айыл өкмөтүндөгү “Арал – Тазалык” муниципалдык мекемеси” мекемеси “Арал –Тазалык” муниципалдык ишканасына өзгөртүп түзүү жөнүндөгү маселелелерин угуп жана талкуулап Арал айылдык кенешинин ХХI чакырылышынын VIII сессиясы токтом кылат:
1.“Арал – Тазалык” муниципалдык мекемеси” мекемеси “Арал –Тазалык” муниципалдык ишканасына өзгөртүп түзүү байланыштуу , кайрадан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Арал –Тазалык” муниципалдык ишканасы
Расмий тилде: Муниципальное предприятие “Арал-Тазалык”
Юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Арал –Тазалык” МИ
Расмий тилде: МП “Арал-Тазалык”
2. “Арал –Тазалык” муниципалдык ишканасын сунушталган Уставына макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 94- беренесинин 2-пунктуна ылайык , “Арал – Тазалык” муниципалдык мекемеси” Мекемесинин “Арал – Тазалык” муниципалдык ишканасына өзгөртүп берүү актысына макулдук берилсин.
4. “Арал –Тазалык” муниципалдык ишканасы юридикалык жак катары мамлекеттик кайра каттоодон Жалал Абад облусунун Юстиция башкармалыгынан өткөрүлүүсүнө макулдук берилсин.
Төрага | Т.Оморов |