Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
7.02.2022-жыл № 3
“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын 20,0 гектар таштуу жайыт түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө”
Арал айыл аймагында Орто-Сай участогун №252-контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын 20,0 гектар таштуу жайыт жерине иштетип чыгуучу өндүрүшүн куруу инвестициялык долбоорун ишке ашыруу үчүн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу максатында 2022-жылдын 17-январындагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын №2-токтомунун, 2022-жылдын 24-январындагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун угуп, талкуулап жана карап чыгып Арал айылдык кенешинин ХХI чакырылышынын IХ сессиясы токтом кылат:
1.Арал айыл аймагынын Орто Сай участогун №252-контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын 20,0 гектар таштуу жайыт жерин “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
2.Аталган жерди которуу (трансформациялоо) Ноокен мамлекеттик администрациясына кароого жөнөтүлсүн.
3.Тиешелүү документтерди даярдоо, ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Арал айыл өкмөт башчысы Н.Омурзаковко милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө инвестиция, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Оморов |