Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
9.03.2022-жыл № 3
Биргелешкен мониторинг жана баалоо
тобун түзүү жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн социалдык –экономикалык өнүгүүсүндө жасалган жумуштарды биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХI чакырылышынын Х сессиясы токтом кылат:
1. Арал айыл өкмөтүнүн алдында биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө ЖОБОсу бекитилсин. №1 тиркеме тиркелет
2. Арал айыл өкмөтүнүн алдында биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу төмөндөгү курамда бекитилсин
- С.Осмоналиев - айыл өкмөттүн кызматкери
- А.Ахмеджанов - айыл өкмөт кызматкери
- М.Эсеналиева - депутат
- К Камилов - эл өкүлүнөн
- Б.Мамадалиева - активист аял
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө инвестиция, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Оморов |