Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз отурумунун
2022-жылдын 23-марты № 12/1
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Жылуу-Суу айылында жайгашкан Ак-Төр жайлоосуна кирген жылкы,мал-жандыктар үчүн төлөнүүчү төлөмдүн тарифин бекитип берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз отуруму Гүлчө айы өкмөтүнө караштуу Жылуу-Суу айылында жайгашкан Ак-Төр жайлоосуна кирген жылкы,бодо мал, майда жандыктар үчүн төлөнүүчү төлөмдүн тарифин бекитип берүү жөнундө Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты Ниязбеков Гулжигит Нуралиевичтин билдирүүсун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнундөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин1-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулчө айыл аймагынын жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөнүүчү акынын эсеби төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
2. Гүлчө айыл аймагы боюнча малдын ар бир түрүнө жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөнүүчү акынын эсеби
- бодо мал -50сом,
- жылкы – 50 сом.
- майда жандык – 20 сом.
Сырттан келген малдар үчун
- бодо мал – 500 сом
- жылкы – 500 сом
- майда жандык – 100сом
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтунүн башчысыС.К.Исаевге жана Алай Токой чарба башкармалыгынын башчысы К.Мамыровго милдеттендирилсин.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | Исмаилов К.Т. |